“Кыргызстан” партиясы алыскы чек ара бөлүктөрдүн өздүк курамын Мекенди коргоо күнү менен куттуктады

“Кыргызстан” партиясы алыскы чек ара бөлүктөрдүн өздүк курамын Мекенди коргоо күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев 23-февраль Мекен коргоочулардын майрамына карата өлкөнүн эң алыскы чек ара бөлүктөрүндө кызмат кылган аскерлерди майрамы менен куттуктады.

Эл өкүлүнүн куттуктоосу “Торугарт”, Эркечтам”, “Кулунду” чек ара бөлүгүнүн жол жана транспорт кызматкерлерине жана  Улуттук гвардиянын өздүк курамына жолдонгон.

“Урматтуу офицерлер, прапорщиктер, сержанттар жана жоокерлер!

Бүгүнкү күн эр-азаматтарды каармандыкка жана эли-жерин берилип сүйүүгө үндөгөн өзгөчө майрам.  Өз өмүрүн мекенди коргооо арнаган бардык кызматкерлерди жеке өзүмдүн жана “Кыргызстан” саясий партиясынын атынан куттуктайм.

Кыргызстаныбыздын бейпилдиги менен коопсуздугу сиздерден гана көз каранды. Ар бир атуулдун коопсуздугу үчүн талыкпай кызмат кылат деп эл сиздерге ишеним артат.

Сиздер Мекен үчүн жана жалпы кыргызстандыктар үчүн эрдиктин, патриоттуулуктун жана туруктуулуктун үлгүсүсүздөр.

Жакын арада биздин партиянын демилгеси менен  аз камсыз болгон жаш балалуу үй-бүлөлү аскерлерге социалдык жеңилдиктерди кароо боюнча “Аскер кызматкерлеринин үй бүлөөлүк статусу” жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөр сунушталат.

Сиздер ар бир жарандын жыргалчылыгы үчүн кам көрөсүздөр, демек биз дагы сиздерди урматтап, сиздерге ыраазычылык билдирүүгө милдеттүүбүз”, — деп жазылат Канатбек Исаевдин куттуктоосу.

[su_image_carousel source=»media: 21413,21412,21414,21415″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>