•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРСАЯСАТ

“Кыргызстан” партиясы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоосуна катышат – сүрөттөр

Кечээ, 26-февралда “Кыргызстан” саясий партиясынын Ош шаардык аймактык уюмунун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты.

Жыйынга партия лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев, эл өкүлдөрү Нурбек Алимбеков жана Алмазбек Токторов дагы катышты.

Аталган жыйынга 60 делегат чакырылган. Иш-чаранын күн тартибинде негизги маселе катары үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде боло турган Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу демилгеси каралды. Делегаттар “Кыргызстан” саясий партиясынын Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу чечимин бир добуштан колдошту. Ага катыша турган 55 талапкерди жактырышты.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *