Москвада бычакталып каза болгон кыргызстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлдү

Москвада бычакталып каза болгон кыргызстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлдү

Москвада бычакталып каза болгон 25 жаштагы Адилет Байсабаевдин сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Элчиликтин маалыматына караганда “жүк-200” 6-январда кечке маал жөнөтүлгөн.

Белгилей кестек, Адилет Байсабаев 31-декабрда бычактан алган жараатынан каза болгон. Буга чейинмаркумдун эжеси жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маркумдун сөөгүн алып келүү кечеңдеп жатканын айткан.

[su_box title=»Маалымат үчүн!» box_color=»#5d2d80″]Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Консулдук департаменттин маалыматы боюнча 2019-жылы чет өлкөлөрдө каза болгон 319 кыргызстандык жарандын сөөгү өлкөгө алынып келинген. Булардын ичинен 231 кыргызстандык Орусияда жүрүп каза болгон.[/su_box]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>