Мугалимдердин айлыгы карантин учурунда мурдагыдай толук төлөнүп берилет

Мугалимдердин айлыгы карантин учурунда мурдагыдай толук төлөнүп берилет

Мугалимдердин айлыгы карантин учурунда мурдагыдай толук төлөнүп берилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

«Коронавирус илдетинен улам мектеп окуучулардын сабактары онлайн режиминде телеканалдардан көрсөтүлөт. Башталгыч класстар үчүн электрондук материалдарды Ibilim порталынан тапса болот, ал эми 5-11-класстарга арналган материалдар «Билим булагы» порталына жүктөлдү», — дейт Жусупбекова.

Министрдин орун басары белгилегендей, 5-9-класстардын окуучулары үчүн «Илим-Билим» ЭлТР, «Пирамида» жана «5-канал» телеканалдарынан видео сабактар көрсөтүлөт.

Кыргызстанда 107 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын арасынан Жалал-Абад облусунда үчөө айыгып чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>