“Мухаммед-Умар” клубун негиздеген Сүйүн Өмүрзаков дене тарбиянын мыктысы болду

“Мухаммед-Умар” клубун негиздеген Сүйүн Өмүрзаков дене тарбиянын мыктысы болду

Ички иштер министринин орун басарына Сүйүн Өмүрзаков дене тарбия жана спорттун мыктысы төш белгиси менен сыйланды. ИИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган сыйлык ага дене тарбия менен спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилген.

Төш белгини Өмүрзаковго Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов тапшырган.

Октябрь айында Сүйүн Өмүрзаков тапанчадан ок атуу боюнча күч түзүмдөрү ортосунда өткөрүлгөн мелдеште биринчи орунду алган.

Белгилей кетсек, Сүйүн Өмүрзаков Ош облустук прокуратурасында иштеген бир тууган иниси Улук Өмүрзаков менен 2005-жылы Ош шаарында  “Мухаммед-Умар” спорт клубун негиздешкен. Ушул күнгө чейин бул клубдан көптөгөн спортчулар машыгып чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>