Ноокат районунда умрадан келген 3 адамдан коронавирус табылды

Ноокат районунда умрадан келген 3 адамдан коронавирус табылды

Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусунун жуктуруп алгандардын саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта өтүп жаткан жаткан брифингде Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев айтты.

20-март  саат 9-00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 3 жаӊы учур катталды. Ооруну жуктуруп алган 3 адам Ноокат районунун тургундары болгон. Алар дагы Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келген. Учурда бейтаптар ооруканага жаткырылган.

Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учуру 18-мартта катталды. Ооруну жугузуп алганы аныкталган 3 адам Сузак районунун тургундары болгон. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келген. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>