Ош-Бишкек жана Бишкек-Ош багыты боюнча бир нече аба каттамдар токтотулду

Ош-Бишкек жана Бишкек-Ош багыты боюнча бир нече аба каттамдар токтотулду

Бүгүн, 25-сентябрда Ош-Бишкек жана Бишкек-Ош багытындагы «Эйр Манас» компаниясынын 198, 197, 205 жана 206 багытындагы каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, техникалык себептерден улам, каттамдар убактылуу токтотулган. Азыркы учурда иштер жүргүзүлүп жатат. Каттамдар эртеңки күндөн баштап өз калыбына келет.

Бардык маалыматтар үчүн «Эйр Манас» авиакомпаниясына 07772 299399 номуру аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>