Ошто кылмыштуу топтун дагы эки мүчөсү колго түштү

Ошто кылмыштуу топтун дагы эки мүчөсү колго түштү

Ошто ишкердин унаасын жана акчасын тартып алган уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай,  ишкер милицияга кайрылып, «Opel» үлгүсүндөгү унаасын жана 3000 долларын белгисиз адамдар опузалап тартып алганы боюнча арыз жазган. Жалпысынан алар ишкерден 13 миң доллар талап кылышкан.

Бул факты боюнча “опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши ачылып, ыкчам иштер жүргүзүлө баштаган.

Шектүүлөдүн бири талап кылган 2800 долларды алып жаткан учурда колго түшкөн. Ал мурда бир нече жолу соттолгон 47 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну болгон.

Экинчи шектүү дагы ушул эле райондун 28 жаштагы тургуну болгон. Ал ишкердин унаасын минип жүрөн жеринен кармалган. Шектүүлөр УКТнын мүчөсү катары милициянын катоосунда турушат.

 Учурда  сотко чейинки өндүрүш уланууда.  Аталган кылмышка тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

[su_image_carousel source=»media: 21865,21860,21861,21862,21863,21864″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>