Президент саламаттык сактоо министрине коронавирус катталган аймактарда көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

Президент саламаттык сактоо министрине коронавирус катталган аймактарда көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө чаралары талкууланды.

Президент коронавирус инфекциясын аныктоо жана ага каршы күрөшүү боюнча иштерге тартылган бардык медиктерди жеке коргоочу каражаттар менен толук камсыздоо зарылдыгын айтып, саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери мындан ары дагы мамлекеттин өзгөчө камкордугунда болоорун баса белгиледи.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков жалпы республика боюнча, өзгөчө инфекция жугузуп алгандар аныкталган райондордо санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтүүгө көңүл бурду.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Ал медициналык мекемелердин зарыл болгон дары-дармектер, жеке коргоочу каражаттар жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар менен жабдылышы тууралуу айтып берди. Ошондой эле Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинен тартып өзүндө илдет бар деп шектенген жарандарды аралыктан ыкчам диагностикалоо үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин «118» «тынымсыз телефон линиясы» иштеп баштагандыгын билдирди.

Мындан ары бул долбоорду өлкөнүн калган региондорунда ишке ашыруу пландаштырылып жатат.

Сабиржан Абдикаримов бүгүнкү күндө республикада жарандардан коронавирус инфекциясын аныктоого лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн тест-системалар жетиштүү көлөмдө экенин кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>