Руслан Казакбаев Кыргызстандын ички жана сырткы инвесторлордун абалын кароо керектигин айтты

Руслан Казакбаев Кыргызстандын ички жана сырткы инвесторлордун абалын кароо керектигин айтты

Акыркы мезгилде Кыргызстанда инвестициялык климат начарлады. Мындай маалыматты бүгүн, 4-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында Экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

Депутат Руслан Казакбаев чоң ишкерлер салымдарын чет жакка чыгарып кетип жатканы тууралуу кептер жүрүп жатканын айтып, бул маалыматты экономика министринен тактады.

Санжар Муканбетов ишкерлердин капиталы сыртка чыгып кетип жатканын акыркы айларда кен казуу жайларындагы абал экономикага терс таасирин тийгизип жатканын билдирди.

«Алсак, Кызыл-Омпол, Солтон-Сары кендеринде болгон инвесторлор менен жергиликтүүлөрдүн ортосундагы түшүнбөстүктөр өлкө экономикасынын абалына зыяны тийип жатат», — деди Муканбетов.

Казакбаев төрага Дастан Жумабековго кайрылып, Кыргызстандын ички жана сырткы инвесторлордун акыбалын карап коюу сунушун берди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>