•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАР

Рысалиев Воронцовкадагы Кыргыз улуттук курортология институтуна которулду

Ооруканада жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев бүгүн, 2-июлда Воронцовкадагы Кыргыз улуттук курортология институтуна которулду. Бул тууралуу президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Александра Олексюк билдиргенин “Азаттык” жазып чыкты.

“Биз аны ооруканадан чыгарбай, дарылоосун улантуу үчүн которгонубузга караганда, демек ага негиз бар”, – деген дарыгер.

Айта кетсек, Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча 7-июнда ИИМге суракка чакырылып, сурак учуранда ооруканага жеткирилген.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *