Сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталды

Сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталды

Сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өрт кырсыгы катталган аймактар: Бишкек 4, Чүй облусу 5, Ош облусу 2, Жалал-Абад аймагы 2.

Өрттүн басымдуу бөлүгү турак үйлөрдүн шыбынан чыккан. Учурда ар биринин өзүнчө себептери такталып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>