Таш-Көмүр шаарынын 27 жаштагы тургуну бир жумадан бери изделүүдө

Таш-Көмүр шаарынын 27 жаштагы тургуну бир жумадан бери изделүүдө

Таш-Көмүр шаарынын Чүйүт-Сай айылынын 27 жаштагы тургуну бир жумадан бери  изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1992-жылы туулган Хажиматов Кенжебек Абдумалик угли 2019-жылдын 26-декабрь күнү саат 07:00 чамасында Чүйүт-Сай айылындагы үйүнөн белгисиз себептер менен чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою – 170-175см, орто дене түзүлүштө, ак жуумал, чачы кара, кыска, психикалык жактан оорулуу, бала кыял. 2019-жылдын 25-декабрь күнү Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психикалык ооруканадан дарыланып чыккан.

Кийген кийимдери: үстүндө кара түстөгү кышкы куртка, саргыч джемпер, кара спорттук шым, бутуна көлөч кийип жүргөн.

Дайынсыз жоголгон Хажиматов Кенжебек Абдумалик угли боюнча кандайдыр бир маалыматы болгондор Таш-Көмүр шаардык милициясына же (03745) 5-02-57, (0779) 64-64-84, (0702) 64-64-84 номерлерине кайрылышса болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>