Тез жардам унаасына жол бошотуп жатып камерага илинсе, айып пулду кантип жокко чыгаруу керектиги айтылды

Тез жардам унаасына жол бошотуп жатып камерага илинсе, айып пулду кантип жокко чыгаруу керектиги айтылды

Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рада Туманбаева өзгөчө кырдаалдар учурунда жол бошотуп берген айдоочулар камерага түшүп, айып пулга илинип калган учурларда эмне кылуу керектигин сурады.

 «Мисалы, тез жардам унаасы келе жатканда жол бошотууга туура келет. Ошол учурда стоп сызыгын же кызылдан өтүп жол бошотуп беришет да айып пулга түшүп калышууда. Жол эрежесин бузду деген айып пул кагазы айдоочуларга келүүдө. Унаа ээлери мындай ишке нааразы болуп жатышат. Анткени алар атайын жол эрежесин бузган жок да. Жол эрежесин тескеген камераларды карап адистер отурат. Алар дароо эле ишти жөнгө салса болбойбу?, — деген собол салды Туманбаева.

Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов камера жол эрежесин бузган унааны автоматтык түрдө тартып каларын билдирди.

«Эгерде тез жардам унаасына жол бошотуп жатып айып пулга илинген айдоочу онлайн түрүндө кат менен кайрылуусу керек. Комиссия карап, анын айып пулун жокко чыгарып берет», — деди Саркулов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>