УКМК: Бийликти күч менен басып алууга үндөгөн адам кармалды

УКМК: Бийликти күч менен басып алууга үндөгөн адам кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2-мартта бийликти күч менен басып алууга чакырган О.Б аттуу жаранды ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кармашкан. Бул тууралуу аталган кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган адам телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө 2-мартта Бишкекте өтчү митинг учурунда бийликти күч менен басып алууга чакырган.

Чагымчыл маанайдагы маалыматтарды таратып, коомдук-саясий абалды курчутууну каалагандарды издөө боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат. Мекеме өлкөдөгү абалды дестабилдештирүүгө алып келчү буга окшогон материалдарды жайылткандар мыйзам чегинде жооп бере турганын эскертет.

Белгилей кетсек, эртең, 2-мартта камакта жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаровду колдоо митинги өтөрү айтылууда. Алдын ала маалыматтар боюнча митинг Бишкектин Ала-Тоо аянтында өтөт. Анда бийликтен саясатчыны бошотууну, коррупция менен күрөшүүнү талап кылышмакчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>