Улукбек Кочкоров ордун 7-класстын окуучуусуна убактылуу бошотуп берди — видео

Улукбек Кочкоров ордун 7-класстын окуучуусуна убактылуу бошотуп берди — видео

Бүгүн, 18-ноябрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров 2 саатка министрлик ордун 7-класстын окуучусу Тилеген Рахатбековго бошотуп берди. 

БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы жетекчиси Кристин Жольм билдиргендей, бул демилге “Балдардын укуктары жөнүндөгү конвенциянын” 30 жылдыгына карата уюштурулган «Рулда балдар» акциясынын алкагында ишке ашырылган.

Министрдин милдетин аткарган Тилеген балдардын шал оорусу менен жабыркайт жана анда угуу мүмкүнчүлүгү жок. Жаш министр менен Улукбек Кочкоровдун баарлашуусуна  анын апасы Айнура Алеева котормочулук кылган. 

Тилеген алгач эле өзү билим алып жаткан мектептеги (угуу мүмкүнчүлүгү жок балдарды окуткан мектеп) социалдык маселени көтөргөн. Анын айтымында, аталган мектепте окуучуларга аттестат берилбейт. Ошондой эле баланын апасы окуу китептери да жетишсиз экенин, колдонуудагы китептер Союз маалында басылып чыкканын билгилеп өткөн.

Улукбек Кочкоров Тилегендин айтканын жазып алып, Билим берүү жана илим министри менен биргеликте жакынкы күндөрү ал мектептен кабар аларын убада кылды.

ЮНИСЕФ өкүлү Жольм кошумчалагандай, Тилеген министрликке талапкер болгон көптөгөн балдардын арасынан бир нече жөндөмдүүлүккө ээ болгондугу менен тандалып алынган.

“Ал шахмат ойнойт жана эл аралык мелдештерге катышып келет. Муну менен катар Тилеген программалоо боюнча билим алат. Кийинки жума ал Түштүк Кореяда  өтүүчү программалоо боюнча эл аралык жарышка барат”, — деп билдирди Кристин Жольм.

Видео: АКИpress

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>