Ысык-Көлдө маршруттук унаа жол кырсыгына кабылып, 4 жаран жаракат алды

Ысык-Көлдө маршруттук унаа жол кырсыгына кабылып, 4 жаран жаракат алды

Кечээ, 17-февралда Ысык-Көл районунда жол кырсыгы катталып, ичиндеги жүргүнчүлөрү жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

«Окуя 17-февралда саат 16:45 чамасында Семёновка жана Ананьево айылдарынын ортосунда болгон. Бишкек шаарынын тургуну 1954-жылы туулган К.Д. жүргүнчү ташуучу «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү микроавтобусту башкарып бара жаткан учурда жолго үйүр жылкы чыга калган. Айдоочу алардан качам деп жол жээке чыгып кетип, бакты сүзүп алган. Унаанын ичиндеги 4 адам жаракат алган. Алар Ананьво айылдык ооруканага жеткирилди. Кырсыкка кабылган унаа Бишкек—Каракол каттамындагы маршрут болгон. Ал Бишкектен Караколго бара жаткан», — деп жазылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>