Жалал-Абадда түнкү клубдун жанынан мыкаачылык менен сабалган жигит ооруканада каза болду

Жалал-Абадда түнкү клубдун жанынан мыкаачылык менен сабалган жигит ооруканада каза болду

Жалал-Абаддагы «Дина» түнкү клубунун жанында  мыкаачылык менен сабалган 26 жаштагы жигит ооруканада каза болду.

Шаардык милициядан билдиришкендей, бейтап 13-сентябрда саат 10:00 чамасында каза болгон.

Белгилей кетсек, окуя 9-сентябрда саат 23:30 чамасында болгон. Ур токмоктон катуу жаракат алган Б.М. аттуу жигит облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аны токмоктоого шектелип Сузак районунун 22 жаштагы төрт  тургуну  кармалып, “Ден соолукка оор зыян келтирүү”  беренеси менен 2 айга камакка алынышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>