Жаш келин менен жаңжалдашкан  дарыгер Жогорку Кеңешке барды

Жаш келин менен жаңжалдашкан  дарыгер Жогорку Кеңешке барды

Жогорку Кенештин депутаты Жылдыз Мусабекова жакында эле жаш келин тарабынан катуу тил угуп, жаман абалга туш болгон Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын дарыгери Чолпон Рысбекованы кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, апта башында баласы ооруган эне дарыгердин жазып берген дары-дармектерин туура көрбөй, ага акылга сыйбас жаман сөздөрдү айтып, чүрпөсүнүн ооруп калышына медайымды айыптаган. Алардын сүйлөшүүсү видеого тартылып, интернет айдыңынан кенен орун алды.

Баласынын адресине айтылган каргыш сөздөргө ызалаган дарыгер Чолпон Рысбекова окуядан кийин арызын жазып, эмгек өргүүгө чыгып кеткенин айткан.

Ал Балдар ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө дарыгер болуп беш жылдан бери иштеп келе жатат. Маалыматка ылайык, жок дегенде эле дегенде күнүнө беш жүздөн ашуун бейтапты кабыл алууга туура келет. Эмгек акысы болсо айына 8900 сом.

«Учурда жаш дарыгерлердин укуктары корголбой калды, мындай учурлар аябай көп кездешет. Көпчүлүк билимдүү жаштар чет өлкөлөргө кетип жатышат», — деген Рысбекова.

Депутат Жылдыз Мусабекова дарыгер менен бул тармактагы көйгөйлөрдүн күнгөй-тескейин кеңири талкууга алып, мындай маселеге аткаруу бийлиги менен биргеликте чара көрүлөрүн белгилеп өткөн.


 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>