Өкмөт Чыңгыз Айтматовдун үй музейин оңдоого каражат жок экенин айтты

Өкмөт Чыңгыз Айтматовдун үй музейин оңдоого каражат жок экенин айтты

Республикалык бюджеттен улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй музейин оңдоп-түздөөгө каражат жок. Бул тууралуу Жогорку Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Твиттердеги баракчасына жарыялады.

Депутат Бекешев 12-декабрда Жогорку Кеңештин «ар кандай» маселелер саатында Айтматовдун өлкө үчүн жасаган эмгектерин эске алып, анын үй музейин оңдоого мамлекеттин эсебинен каражат которуп берүүнү өкмөткө сунуштаган.

Өкмөт Бекешевдин кайрылуусуна Айтматовдун музейи Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына кирбей турганын жана ал мамлекеттин эсебинен каржыланбайт экенин билдиришти. Аталган музейди Маданият министрлигинин балансына которуу  үчүн кыйла өлчөмдө каражат талап кылынарын белгилешти.

 

Өкмөт Чыңгыз Айтматовдун музейин оңдоодон өткөрүүгө демөөрчүлүк жана донордук каражаттардын эсебинен чечүүнү сунушташкан.

Белгилей кетсек, Айтматовдун музейине чет мамлекеттердин жогорку кызматтагы адамдары, өлкө жетекчилери келишет. Буга чейин аталган музейге Орусия президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев келип кетишкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>