Евробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайтАКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдө
Президент Жалал-Абаддагы Кыргызстан менен Россиянын достук паркына барды
12.05.2025 | 22:03
Президент Жалал-Абаддагы Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын достук паркына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлады.
“Мамлекет башчысы парктын аймагын көрүп чыгып, анын көрктөндүрүлүшү жана эс алуу жайлары менен таанышты.
Ал шаар тургундары менен баарлашып, алардын ой-пикирин жана каалоо-тилектерин угуп, шаардыктар менен бирге сүрөткө түштү.
Мамлекет башчы жергиликтүү бийликти жана жашоочуларды шаардагы тазалыкты, тартипти сактоого чакырып, калаага кам көрүү ар бир адамдын жоопкерчилигинен башталарын белгиледи”,-деп билдирди Алагөзов.
Рубрики: Жаңылыктар