Өкмөт экономиканы жандандыруу жобосун Казакстандан көчүрүп алганбы? — Видео
30.04.2020 15:27
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, 1-майдан тарта уруксат берилген тармактардын жоболору Казакстандан көчүрүлгөнүн айтып чыкты.
“Токтомду жазганда ылайыктап жазбайсыңарбы? 1-майдан тартып уруксат бериле турган ишканалар боюнча: химиялык өнөр жай, машина куруу жана прибор жасоо Кыргызстанда барбы? Казакстандан көчүргөнүңөрдү жашырбайсыңарбы?! Кана машина курган эки ишкананы айтып бериңизчи? Бизде экономиканы баккан 4 тармак: соода, тейлөө, курулуш жана тигүү тармагы 1-майдан баштап иштеши керек», — деди Иманалиев.
Ошондой эле ал Өзбекстан менен Казакстан миллиарддап элге жардам берип жатса, өкмөттүн элге ун берүү менен чектелгенин сындады.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев уруксат бериле турган тармактардын тизмесин эл өкүлүнө өзүнчө берерин айтты.
Буга чейин Өкмөт 1-майдан тарта өзгөчө абал режимине карабай уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн тизмегин жарыялаган.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.