1-майдан тарта этабы менен кайсы тармактардын иши жанданат? — Тизме

1-майдан тарта этабы менен кайсы тармактардын иши жанданат? — Тизме

COVID-19 вирусунун кесепетинен улам келип чыккан кыйынчылыктарды жеңүү максатында жана экономикалык зыянды азайтуу үчүн экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкты.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдиргенин Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

1-майдан тарта өзгөчө абал режимине карабай уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн тизмеги:

  1. Өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү: 

— энергетикалык өнөр жай; 
— химиялык жана нефтигаз өнөр жайы; 
— машина куруу, прибор жасоо жана электр техникалык өнөр жай; 
— тоо кен өнөр жайы, түстүү жана кара металлургия; 
— текстилдик жана булгаары-бут кийим өнөр жайы; 
— эмерек өнөр жайы; 
— курулуш материалдарды өндүрүү
— жана башка өнөр жай жана өндүрүш түрлөрү. 

  1. Курулуш чөйрөсү:

— курулуш обьектилери; 
— сугат, таза суу жабдуулары, ошондой эле каналдар, жолдор жана көпүрөлөр чөйрөсүндөгү подряддык иштер; 
— кошо аткарылуучу жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр. 

  1. Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсү: 

— техникалык тейлөө жана оңдоо, май алмаштыруу жана сырдоону кошо; 
— дөңгөлөктөрдү желимдөө жана түздөө; 
— жууп-тазалоо жана химиялык тазалоо. 

  1. Жеке жана мамлекеттик нораиустардын кызмат көрсөтүүлөрү. 
  2. Соода чөйрөсү: 

— интернет дүкөндөр (электрондук коммерция), товарларды жеткирүү, анын ичинде курьердик кызматты кошо; 
— курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо; 
— кездемелерди жана фурнитураларды дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо
— автотетиктер, велотетиктер, комплекттөөчүлөр, май жана автосырдоо дүкөндөрү. 

  1. Чач тарачтар жана салондордун (алдын ала жазылуу боюнча өзгөчө чач кыркуу, чач боео жана жасалгалоо) кызмат көрсөтүүлөрү. 
  2. Уюшулган таксомотордук кызматтардын кызмат көрсөтүүлөрү (2ден ашык адам салбаганда) 

11-майдан тарта өзгөчө экономикалык ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүнө уруксат берилет:

  1. Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү:

— микрофинансылык уюмдар;
— камсыздандыруу компаниялары;
— кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;
— туристтик агенттиктер.

  1. Калкты тейлөө кызматтары:

— сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;
— тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоо;
— химтазалоо жана клининг. 

  1. Соода чөйрөсү:

— курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;
— автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;
— тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары;
— автосалондор, авторыноктордон сырткары.

  1. Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсү:

— коомдук транспорт, атап айтканда автобустарда жана троллейбустарда жүргүнчүлөрдү ташуу, кичи автобустардан сырткары.

«Коомдук унааларды ишке киргизүү бир аз опурталдуу, бирок пандемия деңгээли төмөндөсө, анда автобустарга жана троллейбустарга уруксат берилет. Кичи автобустар азырынча коопсуз эмес экендиги айкын», -деп белгилеген премьер-министр. 

21-майдан баштап өзгөчө абал режиминде төмөнкү экономикалык ишмердүүлүк түрлөрүнө уруксат берилет:

  1. Калкты тейлөө борборлору (КТБлар).

Финансы жана башка кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү:

—   акча алмашуу пункттары;
—   ломбарддар.

  1. Калкты тиричиликтик жактан тейлөө борлорлору:

— бут кийим оӊдоо; 
— эмерек чогултуу жана оӊдоо.

  1. Соода-сатык чөйрөсү: 

— соода борборлору;
— кийим-кече сатуучу базарлар жана дүкөндөр;
— автомобиль базарлары;
— коштоочу кызматтар.

  1. Менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү. 
  2. Менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү.

Ошентип бешинчи этап жыйынтыктоочу болот жана экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдөгү ишмердүүлүктүн бардык түрүн жандандыруу менен мүнөздөлөт. Муну менен бирге эпидемиологиялык абалга жараша экономикалык ишмердүүлүктүн уруксат берилген түрлөрүнө өзгөртүүлөр кирүүсү мүмкүн.  

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>