Бүгүн, 28-апрелге карата коменданттык сааттын эрежесин бузган 72 жаран кармалды.
Алар өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык саат талаптарын бузганы үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди. Ошондой эле 3 автоунаа атайын жайларга токтотулду.
Бишкек шаары– 57; Ош шаары – 3; Жалал-Абад шаары – 1; Сузак району – 4; Нарын шаары – 2; Ат-Башы району – 5.
Белгилей кетсек, 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3654 жаран кармалды.