Өзгөчө абал узарса кайсы ишканалар жана кимдер иштейт? Коменданттын жообу

Өзгөчө абал узарса кайсы ишканалар жана кимдер иштейт? Коменданттын жообу

Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев эгер өзгөчө абал режиминин мөөнөтү дагы узартылса, кайсы ишканаларга жана кимдерге иштөөгө уруксат берилерин айтты.

Анын айтымында, биринчи кезекте жарандар күнүмдүк оокатын таап иштеген тармактардын иши жанданат.

«Абалды анализдеп чыктык. Эгерде карантин уланса курулуш тармагы, автоунаа оңдоочу жайлар, вулканизация, такси кызматтары иштеши керек. Бирок таксиде экиден ашык киши болбой, жарандар беткап тагынып, ортодогу аралык сакталышы абзел.Эң башкысы санитардык-эпидемиологиялык эреже сакталышы керек”, — деди Орозалиев.

25-марттан тартып коронавирус көп чыккан Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. 15-апрелде өзгөчө абалдын убактсы 30-апрелге чейин узартылып, Нарын шаарына жана Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизилген.

24-апрелге карата Кыргызстанда  коронавирусун жуктурган жалпы 656 учур катталды. Алардын ичинен 322 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 8 адам оорудан каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>