«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтардыКорей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктады
Өзбекстан Ооганстанга электр энергиясын берет
07.07.2025 | 18:10
Ооганстандын Breshna Sherkat энергетика ишканасынын башчысы Абдул Бари Омар менен Өзбекстандын энергетика министри видеожолугушуу өткөрүшүп, электр энергиясын берүү долбоорунун ишке киришине байланышкан деталдарды талкуулашты. Бул тууралуу “Караван инфо” маалымат порталы билдирди.
Жолугушуу ооган тарапка 500 кВт кубаттуулуктагы электр энергиясын берүү долбоорун тездетүү максатында уюштурулган.
“Долбоор 800 мегаваттка чейин электр энергиясын жеткирүүнү, муну менен Кабулда жана Ооганстандын чыгыш облустарында энергия ресурстарынын тартыштыгын жоюуга багытталган”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар