Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталардын биринде өрт чыкты. “Байкал +” ЖЧКсынын шахтасынын ичинде көмүр күйгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 8 куткаруучу тартылган. Алар өрттү өчүрүп, газ чыккан жерге тосмо орнотуп беришкен.