Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин компаниянын салык карызы эсептен чыгарылдыКыргызстандагы мектептер үчүн жаңы окуу китептерине 8,5 млрд сом бөлүндү27-сентябрь: Кыргызстанда жаан жаап, шамал күчөйтСадыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болду
Кыргызстан менен Google санариптик билим берүү тармагында кызматташат
17.06.2025 | 18:23
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Google for Education компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, кыргыз мектептерин жана университеттерин санариптештирүү маселесин талкуулады.
Минкабдын басма сөз кызматы маалымдагандай, сүйлөшүүлөр 2023-жылы кол коюлган меморандумдун алкагында өттү. Талкуунун негизги темалары Google билим берүү куралдарын киргизүү, инфраструктураны модернизациялоо жана мугалимдерди окутуу болду.
Эдил Байсалов билим берүү тармагын трансформациялоо үчүн Google менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгиледи. Өз кезегинде компаниянын өкүлдөрү белгиленген иш-чараларды ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Рубрики: Жаңылыктар