ӨКМ: Жакынкы күндөрдөгү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

ӨКМ: Жакынкы күндөрдөгү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

26-июндан 28-июнга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир аймактарда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +14…+19, күндүз +30…+35;

Таласта түнкүсүн +12…+17, +28…+33;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Эртең Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 33…35 градус болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>