Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Бишкекте велосипед тээп бараткан 8 жаштагы кызды КамАЗ сүзүп кеткен. Айдоочу камалды
01.07.2025 | 15:23
Бишкектин “Ак-Ордо” конушунда велосипед тээп, жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 8 жаштагы кызды унаа сүзүп кетти. Бишкек шаардык милициясы 41 жаштагы айдоочу кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-июнда болжол менен саат 20:20 чамасында «КамАЗдын» айдоочусу көчө кесилишинде бурулуп жаткан учурда, жөө өтмөктө велосипед тээп бара жаткан кызды коюп кеткен.
Анын кесепетинен 2017-жылы туулган Ч.А. аттуу секелек кыз окуя болгон жерде каза болгон.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө 41 жаштагы айдоочу кармалып, убактылуу кармоо жайга камакка алынган.
Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Бишкек, жол кырсык