Өзүн өрттөйбүз деген аялдардын талабы белгилүү болду

Өзүн өрттөйбүз деген аялдардын талабы белгилүү болду

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Пригородный айыл өкмөтүнүн имаратына өздөрүн өрттөгөнү чогулушкан 15 аял талаптарын айтышты.

Аялдар үч жыл мурун коммерциялык банктардан насыя алышкан, бирок насыяларын убагында төлөй алышкан эмес. Акциянын бардык катышуучулары жалгыз бой энелер жана үйлөрүн алдырып коюу коркунучу жаралган. Мындан улам  үч жылдан бери топтолгон пайыздык карыздарды жоюуну талап кылышууда.

Талаптары:

  1. Банктар карыздарын ликвидация кылсын;
  2. Кыргызстанга 3 пайызга чейинки банктар келсин;
  3. Жалгыз үйү барларлын үйлөрү алынбасын;
  4. Улуттук банк 30 жылдан берки элдин маңдай-терин жеген 15 пайызын элге берсин;
  5. Жеке сүткорлор жоопко тартылсын, салык төлөнсүн.

Алар айыл өкмөттүн имаратына бөтөлкөлөргө куюлган бензиндери менен кошо киришкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>