Сузактагы кырсык. Ташиев коопсуздук чараларын көрбөгөн жетекчилер жоопко тартыларын айтты

Сузактагы кырсык. Ташиев коопсуздук чараларын көрбөгөн жетекчилер жоопко тартыларын айтты

Жалал-Абадда жүк ташуучу унаа окуучуларды сүзүп кеткен окуяга байланыштуу коопсуздук эрежелерин сактабай, шалаакылык кылган бийлик органдарынын жетекчилери жоопко тартылат. Бул тууралу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ташиев билдиргендей, айрым адамдар айтып жаткандай, Сузактагы окуяда террордук же кылмыш жасоо аракеттери болгон эмес.

«Ал жерде коопсуздук сакталган эмес, шалаакылык болгон. Уюштуруу иштеринде, балдардын коопсуздугун камсыз кылууда көп кемчиликтер кеткен. Коопсуздук чаралары майда-баратына чейин каралышы керек болчу. Мисалы, ошол эле унааларды элдин арасына чыгарбай, алардын өзүнчө тура турган жери болуш керек эле», — деди ал.

Ал белгилегендей, коопсуздукту камсыз кылууда алешемдик кетирген жергиликтүү, борбордук бийлик органдарынын жетекчилери иликтөөнүн жыйынтыгы менен жоопко тартылат.

Эскерте кетсек, кырсык 2-майда Сузактагы Катмы жайлоосунда «Манас» айтуу боюнча сынак өтүп жатканда болгон. Окуучулар тоо боорунда «Манас» айтып жатканда, ичинде айдоочусу жок Hyundai Porter унаасы ылдыйды көздөй жүрүп кетип, 30дан ашык баланы сүзүп кеткен. Учурда жабыркаган балдардын 20сы ооруканаларда жатат, дагы 14 бала амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Ооруканадагы балдардын экөөнө 2-майда операция жасалды, дагы бирөөнө бүгүн операция жасалат.

Милициянын маалыматы боюнча, Hyundai Porter’дин айдоочусу унаасын өчүрбөй жерге түшүп кетип, телефон чалып жатканда, транспорт жүрүп кеткен.

Айдоочу милицияга берген көрсөтмөсүндө, демөөрчүлүк кылып кароо-сынакка катышып жаткан балдарга 7 куту балмуздук алып барганын билдирген. Анын айтымында, ал жайлоого жеткенден кийин унаасын токтотуп, унаадан түшүп, айылдык мектептин директоруна «балмуздакты кайсыл жерге жеткирип берейин» деп суроо үчүн телефон чалып жатканда унаасы жүрүп кеткен. Ал унаасынын артынан чуркап, токтотууга жетишпей калган.

Сузактагы кырсык: Айдоочу унаадан түшүп, телефон чалып жатканда транспорт жүрүп кеткен

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>