Өзбекстандагы абактардын биринен качып Кыргызстандын айгамына кирмекчи болгон эки адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлайт.
4-август күнү Ала-Бука районундагы чек арачыларга Ташкент облусунун Заңги-Ата районундагы абактан эки адам качкандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
29 жана 24 жаштагы соттолуучулар Аксы районунун Бел-Сөгөт аймагы аркылуу Кыргызстандын чек арсын мыйзамсыз кесип өтүгө аракет кылган учурда чек арачылар жана милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган адамдар милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.