Өзгөчө кырдаал учурунда милиция кызматкерлерин сөккөн кыз эсиңиздеби? Сот ага карата чечим чыгарды

Өзгөчө кырдаал учурунда милиция кызматкерлерин сөккөн кыз эсиңиздеби? Сот ага карата чечим чыгарды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 1997-жылы туулган К., аттуу кызга козголгон кылмыш ишин карады. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Ал 2020-жылдын 11-апрель күнү өзгөчө кырдаал учурунда маршруттук баракчаны сураган милиция кызматкерлери менен айтышып, сөгүнүп, аларга каршылык көрсөткөндүгү үчүн кармалган.

Ага ошол жерде бир нече жолу эскертүү берилгенине карабастан агрессивдүү жооп берип, бир канча жолу милиция кызматкерлеринин аброюна шек келтирип, кол көтөргөн.

Айыпталуучу өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алган эмес, ал 11-апрель күнү жөн гана базарга чыккандыгын айткан. Милиция кызматкерлерин мамлекеттик тилде ага кайрылгандыгы үчүн, аларды түшүнбөй калгандыгын айтып, жакын жерде жашагандыгына байланыштуу жанында маршруттук баракчасы жана паспорту жок экендигин түшүндүргөн.

Ал эми милиция кызматкерлери колун катуу кармап, видеого тартып баштаганынан өзүн кармай албай калгандыгын айткан.

Жабырлануучу өз кызматын өтөп жатып, Бишкек шаарынын Суеркулов көчөсүндө беткабы жок болгондугу үчүн шектүүнү токтотконун айткан. Мамлекеттик тилде тийиштүү документтерди сураганда, К. көргөзүүдөн баш тартып, сөгүнө баштаган. Бүгүнкү күндө айыпталуучуга эч кандай дооматы жок экендигин айтып, коомчулукка жарыялабоону жана тергөө иштерин токтотууну суранган.

Соттун чечими боюнча, К. күнөөлу деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылган. Мунун менен бирге эле сот ага мунапыс колдонуп, аны жазасынан бошоткон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>