КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Бишкекте социалдык өнөктөштөрдүн ортосунда башкы келишимге кол коюлду
02.07.2025 | 11:25
Кечээ, 1-июлда Бишкекте Министрлер кабинети, Профсоюздар федерациясы жана иш берүүчүлөр ассоциациясынын ортосунда башкы келишимге кол коюлду. Документ өлкөнүн алдыдагы үч жылдагы социалдык-экономикалык саясатынын артыкчылыктарын аныктайт.
Келишим мамлекеттин, бизнестин жана жумушчулардын кызыкчылыктарын координациялоочу аянтча болуп калууга багытталган. Документте сүйлөшүүлөр аркылуу эмгектик чыр-чатактарды болтурбоо, мыйзамдарды өркүндөтүү жана социалдык коргоо системасын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.
Рубрики: Жаңылыктар
Теги: Социалдык өнөктөштөр