Эки күн мурун камалган: СИЗОдогу жарандын өлүмүнүн чоо-жайы

Эки күн мурун камалган: СИЗОдогу жарандын өлүмүнүн чоо-жайы

Жазаларды аткаруу кызматы №1 тергөө абагында кармалган 35 жаштагы И.К. аттуу жарандын өлүмү боюнча маалымат берди.

Маалыматка караганда, 28-августта болжол менен саат 05:40та эртең мененки тамакты бөлүштүрүү учурунда камералаштары И.Кны эс-учун жоготуп жаткан абалда табышкан.

Маркум №1 тергөө абагына 26-августта Чүй облусундагы №26 жатак абагынан качып кеткендиги үчүн камакка алынган. Анын дагы 9 айдан ашык жаза мөөнөтү калган.

Жаза аткаруу кызматынан белгилешкендей, нөөмөттө турган фельдшер тарабынан И.Кга биринчи жардам көрсөтүлгөнү менен анын жыйынтыгы болгон эмес. Саат 06:26да чакырууга келген тез жардам кызматы анын каза болгонун билдирген.

«Жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан соттук-медициналык экспертиза белгиленип, анын жыйынтыгы боюнча ур-соккунун издери табылган эмес. Так диагноз чыгаруу үчүн Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун адистерине 30 күндөн кем эмес убакыт керек болот», — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган окуя боюнча Жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин И.К. аттуу жарандын туугандары массалык маалымат каражаттарына кайрылып, тууганы №1 тергөө абагында каза болгонун билдиришкен.

Алар маркумдун денесинде ур-соккунун издери болгондуктан, ал катуу сабалгандан каза тапкан болушу мүмкүн деп ойлошот. Мындан улам алар тиешелүү органдарды иликтөө иштерин жүргүзүүнү суранган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>