Кара-Суу бир мандаттуу округдан ким депутат болуп шайланды?

Кара-Суу бир мандаттуу округдан ким депутат болуп шайланды?

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-майда №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.

Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 62 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 112 033 шайлоочу киргизилген.

№9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 12 талапкер катталган. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 7 талапкер катышты.

​Кара-Суу округдук шайлоо комиссиясынын 1-майындагы №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык, 28-апрелде 21 023 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул округ боюнча шайлоочулардын тизмесине киргендердин саны 18,77% түздү.

Талапкерлер төмөнкүдөй добуштарын алышты:

— Ажимаматов Сталбек Асанович — 2682 добуш (12,76%);

— Бакир Бакытбек — 533 добуш (2,54%);

— Эргешов Толкун Турдукулович – 2651 добуш (12,61%);

— Курбанов Раимжан Рахманович — 1884 добуш (8,96%);

— Мамазакиров Рустам Умарович — 1112 добуш (5,29%);

— Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович — 7599 добуш (36,15%);

— Орунбаев Турдубек Дуйшонович — 3633 добуш (17,28%);

— «Баарына каршы» позициясына 458 шайлоочу добуш берген (2,18%).

Ошентип, Борбордук шайлоо комиссиясы №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону болуп өттү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алды жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичти Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп тааныды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>