Сузактагы кырсыктан кийин милиция жетекчилери иштен алынды

Сузактагы кырсыктан кийин милиция жетекчилери иштен алынды

Сузакта балдарды автоунаа тебелеп кеткен окуяга байланыштуу райондук милициянын жетекчилиги кызматтан алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы 4-майда билдирди.

Маалыматка караганда, Сузак районунда болгон окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды.

Тактап айтканда, өткөрүлгөн иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иш-чараларын так жүргүзбөгөндүгү үчүн жалпы 12 кызматкер тартиптик жазаларын алышты.

Алардын ичинен Сузак РИИБдин башчысы, анын орун басары жана иш-чара өткөрүлгөн аймакты тейлеген Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Андан сырткары, Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилик курамына жана Сузак РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн бир нече кызматкерлерине карата тартиптик чаралар көрүлдү.

Эскерте кетсек, 2-майда Сузактын Катмы жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды Porter унаасы коюп кеткен. 48 жаштагы айдоочу көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан таттууну кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан токтотконго жетишпей калганын айткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>