Бишкек шаарында жайгашкан №47 түзөтүү колониясында тинтүү жүргүзүлүп, бир катар тыюу салынган заттар алынды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, абак жайдын кызматкерлери кызматтык иттердин жардамы менен тинтүү иш-чарасын 17-августта өткөрүшкөн.
Тинтүү учурунда табылган буюмдар:
16 — уюлдук телефон;
26 — кулакчын
2717 сом акча каражаты,
41 — телефон кубаттагыч;
11 — телефондун аккумлятору;
2 литр брага (алькоголдук ичимдик);
2 — матал сейфи;
23 — килем;
4 — балта;
10 — оюун каратасы;
6 — плитка чыгарган каражат;
1 — спираль;
1 —Вай-фай роутер;
114 — кесүүчү жана көзөөчү буюмдар;
10 метр аркан ж.б бир ктара буюмдар табылган.
Буга чейин Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү колониясында жана Беловодскийдеги №16 түзөтүү колониясында тинтүү жүргүзүлүп, ушундай эле тыюу салынган заттар алынган.