1-апрелден тарта автоунааларды каттоо толугу менен онлайн форматка өтөт

Ушул жылдын 1-апрелинен баштап Кыргызстанда автоунааларды каттоо онлайн форматта гана жүргүзүлөт. Жарандар транспорт каражаттарын мамлекеттик мекемелерге барбастан, «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу каттай алышат.
Жалпы жарандар үчүн офлайн тейлөө токтотулат. Улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн гана атайын терезелер иштеп, кызматкерлер онлайн каттоого көмөк көрсөтүшөт.
Жаңы алынып келинген унааларды кантип каттайт?
Унаа бажыдан өткөндө маалыматтар дароо электрондук базага киргизилет. Мамлекеттик лабораториялар техникалык жана коопсуздук текшерүүлөрүн жүргүзүп, жыйынтыгын санарип форматта системага жүктөйт. Жаран «Түндүк» тиркемеси аркылуу арыз бергенден кийин маалыматтар автоматтык түрдө текшерилип, унаа каттоодон өтөт.
Өлкө ичиндеги унааларды кантип кайра каттоо керек?
Бул процесс «Түндүк» тиркемеси аркылуу ишке ашырылат. Унаа тууралуу маалыматтар мамлекеттик базалардан автоматтык түрдө алынат. Мында кошумча техникалык кароо талап кылынбайт. Система маалыматтарды текшерип, унааны жаңы ээсине онлайн каттайт. Каттоо аяктагандан кийин жаранга билдирүү жөнөтүлөт.
Жаңы тартип каттоо процессин жөнөкөйлөтүүгө, убакытты үнөмдөөгө жана кезектерди жоюуга багытталган. Ошондой эле даяр болгон документтерди үйгө жеткирип берүү кызматы ишке киргизилери маалымдалды.