1 миллион доллар талап кылган алдамчылар кармалды

11.03.2020 | 18:17

“Кыргыз темир жолу” ишканасында жетекчилик кызматта иштеген жарандан 250 миң доллар алып жаткан алдамчылар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматта айтылгандай, алар Кара-Балта шаарындагы таза суунун түтүктөрүн алмаштыруу боюнча тендерди оң жакка чечип берүү үчүн 1 миллион доллар талап кылышып, кийин бул сумманы 250 миң долларга түшүрүшкөн.

Бул ишке шектүү катары Кара-Кулжа районун 60 жаштагы, Ж., Жумгал районунун 55 жаштагы жана Чүй облусунун 54 жаштагы тургундары кармалган. Кара-Кулжа районунун тургуну мурда соттолгон, ал өзүн президент менен жакшы мамиледе экенин айткан.

Бул факты Жазык кодексинин 204 (“Алдамчылык”) жана 38-беренеси (“Кылмыш кылууга даярдануу”) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Шектүүлөр УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Scroll to Top