1 миллион доллар талап кылган алдамчылар кармалды

1 миллион доллар талап кылган алдамчылар кармалды

«Кыргыз темир жолу» ишканасында жетекчилик кызматта иштеген жарандан 250 миң доллар алып жаткан алдамчылар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматта айтылгандай, алар Кара-Балта шаарындагы таза суунун түтүктөрүн алмаштыруу боюнча тендерди оң жакка чечип берүү үчүн 1 миллион доллар талап кылышып, кийин бул сумманы 250 миң долларга түшүрүшкөн.

Бул ишке шектүү катары Кара-Кулжа районун 60 жаштагы, Ж., Жумгал районунун 55 жаштагы жана Чүй облусунун 54 жаштагы тургундары кармалган. Кара-Кулжа районунун тургуну мурда соттолгон, ал өзүн президент менен жакшы мамиледе экенин айткан.

Бул факты Жазык кодексинин 204 («Алдамчылык») жана 38-беренеси («Кылмыш кылууга даярдануу») боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Шектүүлөр УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>