«110 сом үчүн баланын өмүрү кыйылган»: Нарында окуучу өз жанын кыйган окуя парламентте көтөрүлдү

08.04.2026 | 15:37

Бүгүн, 8-апрелдеги, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Нарында окуучу өз жанын кыйган окуяны айтып чыгып, бул ишти көзөмөлгө алууну суранды. Депутат айымдын айтымында, каргашалуу окуя Нарын районунун Ийри-Суу айылында 110 сомдун айынан болгон.

“1-апрель күнү 7-класстын окуучусу Эрбол Абийиров өз өмүрүнө кол салып, муунуп каза болуптур. Мектептеги китептин арендасына деп чогулган акчанын 110 сомун таба албай, мектептин тарбия завучу баланы кабинетине киргизип суракка алыптыр. Анан бала намыстанып, асынып алыптыр”,- деп айтып берди ал.

Сурабалдиева бул ишти жаап коюу аракети болуп жатканын айтып, аны көзөмөлгө алууну суранды.

“Биз парламентте дайыма мугалимдерге болушуп келебиз. Бул жерде 110 сом үчүн баланын өмүрү кыйылып атат. Ал жакта ишти кыргызча жабабыз деп ызы-чуу болуп жатыптыр. Ушуну бир көзөмөлгө алып коюңуздар деп кайрылам”- деди депутат айым.

Буга чейин аталган окуя боюнча укук коргоочу Назгүл Турдубекова айтып чыгып, укук коргоо органдары иш козгобой жатканын айтып чыккан. Анын айтымында, бала өлөр алдындагы катында мектептин завучунун атын атаган.

Scroll to Top