12 жылдык окуу. Беш баллдыктан 10 баллдык системага өтүү пландалууда

12 жылдык окуу. Беш баллдыктан 10 баллдык системага өтүү пландалууда

Кыргызстанда мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүүнүн алкагында окуучулардын билимин баалоодо 5 баллдыктан 10 баллдык системага өтүү пландалууда. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында жарыяланган 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү копцениясында айтылат.

Концепцияда жазылгандай, 10 баллдык системага өтүү окуучунун билимин дагы да калыс баалоо үчүн жасалат.

1-2-класстарда балдарга баа коюлбайт. 3-класстан тарта окуучулар баа ала баштайт.

Ошондой эле, документте айтылгандай 6 жана 9-классты аяктап жатканда окуучулар жогорку класска көчүү үчүн сынак тапшырат.

12 жылдык окуу башталгыч жалпы билим берүү – 1-6-класстар (6-11 жаш), негизги жалпы билим берүү – 7-9-класстар (12-14 жаш) жана жалпы орто билим берүү – 10-12-класстар (15-17 жаш) болуп бөлүнөт.

Мектептин аяктагандан кийин окуу жайда билим алгысы келгендер азыркыдай эле Жалпы республикалык тесттирлөө тапшырат.

Аталган концепция өкмөттүн кароосуна жөнөтүлгөн. Азырынча кабыл алына элек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>