Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюштуАрашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
14 жашар бала болгаркадан алган жаракаттан каза болду
09.04.2021 | 12:04
Бишкекте 14 жашар бала электр болгаркасынан алган жаракатынан улам окуя болгон жерде жан берген. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
6-апрелде милициянын нөөмөт бөлүмүнө Ак-Ордо-3 конушундагы менчик үйлөрдүн өспүрүм бала өзүнө жаракат келтирип, каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери, үйдүн ичинен 14 жашар баланын жансыз денесин көрүшкөн. Ага кароо жүргүзгөндө бала электр болгаркасы менен моюнуна жаракат келтирип, жеринде каза болгону аныкталган. Ал 2007-жылы туулган С.С. аттуу болгон.
Бул факты боюнча 136-берене “өзүн өлтүрүүгө жеткирүү” менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланып жатканы айтылат.