Кочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулдуКөңүл буруңуз! Көчмөндөр оюндары өтчү жайларга кандай буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынатНепалдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 469 адамга жетти«100 ишкана түзөбүз»: Темир Сариев Кытай менен өнөр жай бирлигин курууга чакырдыБишкекте «Нелегал» рейддеринин жүрүшүндө 200дөн ашык чет элдик жаран аныкталдыЗаводдор, ГЭСтер жана экспорт: Кыргызстан кытайлык инвесторлорду кайсы тармактарга чакырууда
14 жашар бала болгаркадан алган жаракаттан каза болду
09.04.2021 | 12:04
Бишкекте 14 жашар бала электр болгаркасынан алган жаракатынан улам окуя болгон жерде жан берген. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
6-апрелде милициянын нөөмөт бөлүмүнө Ак-Ордо-3 конушундагы менчик үйлөрдүн өспүрүм бала өзүнө жаракат келтирип, каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери, үйдүн ичинен 14 жашар баланын жансыз денесин көрүшкөн. Ага кароо жүргүзгөндө бала электр болгаркасы менен моюнуна жаракат келтирип, жеринде каза болгону аныкталган. Ал 2007-жылы туулган С.С. аттуу болгон.
Бул факты боюнча 136-берене “өзүн өлтүрүүгө жеткирүү” менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланып жатканы айтылат.