Кыргызстандын аймагында 15-апрель саат 10:00гө карата дагы 19 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Алар: Бишкекте – 5, Ошто – 12, Ош облусунда – 2. Жаӊы учурлардын ичинен 14 аял, 5 эркек.
Кыргызстанда коронавирусун жуктургандардын жалпы саны 449 жетти.