Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн -2…-7
күндүз +3…+8
Талас облусу
түнкүсүн -2…-7
күндүз +1…+6
Баткен облусу
түнкүсүн -3…+2
күндүз +2…+7
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн -3…+2
күндүз +2…+7
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -3…-8
күндүз 0…+5
Нарын облусу
түнкүсүн -7…-12
күндүз 0…+5
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүзгү жогорку температурасы +6…+8 чейин жетет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз