Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
15 миң доллар пара менен кармалган УКМКнын тергөөчүсү 2 айга камалды
23.01.2023 | 12:57
15 миң доллар пара алып жатып кармалганы кабарланган УКМКнын тергөөчүсү эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалым болгондой, анын баш коргоо чарасы Октябрь райондук соту тарабынан 22-январда каралган.
“Т.Ы.га карата 2023-жылдын 19-мартына чейин камакка алуу бөгөт чарсы колдонулду. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалат”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 20-январда Башкы прокуратура Ош шаарында УКМКнын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Маалыматка караганда, ал 15 миң доллар алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
Ошто УКМКнын тергөөчүсү пара менен кармалды. Окуянын чоо-жайы
Биздин Телеграм каналга катталыңыз