Курулуш агенттигинин мурдагы башкы бухгалтери кармалды

Курулуш агенттигинин мурдагы башкы бухгалтери кармалды

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мурдагы башкы бухгалтери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан аталган агенттикте текшерүү жүргүзүлгөн.

«Текшерүүдө, агенттиктин айрым кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан пайдаланышып, жеке материалдык пайда табуу максатында бухгалтердик документтерди жасалмалоо жолу менен мекеменин кызматкерлерине эмгек акы төлөө аракетин шылтоолоп, агенттиктин С.Н.К аттуу башкы бухгалтеринин өздүк эсептерине которуу жолу менен бюджеттик каражаттарды системалуу түрдө чыгарышкандыгы жана өздөрүнө ыйгарып алышкандыгы аныкталган.

Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында агенттиктин бюджетинен 6 млн сомдон ашык каражат чыгарылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген», — деп билдирет прокуратура.

Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, аталган агенттиктин мурдагы башкы бухгалтери, ал эми азыркы учурда «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасында иштеп жаткан башкы бухгалтер С.Н.К кармалып, Бишкек шаардык милициясынан убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Азыркы учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык кызмат адамдарды аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>